Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тууусу
Туу 1992-жылдын 3-марты күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Авторлору — Эркин Малдыбаев жетектеген сүрөтчүлөр тобу. Туу кызыл түстөгү желектен турат, анын борборунда кырк нурлуу сары күн жана анын ичинде эл биримдигин, үй-бүлөлүк очокту символдогон түндүк (үйдүн чатыры) жайгашкан.




