Бийик тоолуу жайлоолордон жана тунук көлдөрдөн чыгыш базарларына жана шаарларга чейин — бул жердин ар бир бурчу тарыхты, маданиятты жана көчмөн элдердин рухун сактайт
Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Молдогазиев Монголиянын Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү агенттигинин директору Ядамсүрэн Эрдэнэсайхан менен жолугушуу өткөрдү.Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-монгол соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперация чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.2026-жылдын 22-июлунда Евразия экономикалык бирлиги менен Монголиянын ортосундагы Убактылуу соода келишиминин күчүнө киришине байланыштуу өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн түзүлгөн жаңы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте эки өлкөнүн ишкерлеринин тарифтик жеңилдиктер, продукцияны сертификациялоого карата талаптар, товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери жана бажы жол-жоболору тууралуу маалымдуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгү белгиленди.Тараптар ошондой эле жеңил жана тамак-аш өнөр жайында, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагында өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргызстандын тигүү ишканалары менен Монголиянын жүн, кашемир жана текстиль сырьёсунун башка түрлөрүн өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты жолго коюу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2026-жылдын 20–25-ноябрында Бишкек шаарында өткөрүлүшү пландалган «Монголия күндөрү – Бишкек 2026» иш-чарасына даярдык көрүү маселелери да талкууланды. Аталган иш-чаранын алкагында бизнес-форум, монгол өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү жана эки тараптуу ишкердик жолугушууларды өткөрүү каралган.Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара сооданы кеңейтүүгө, өндүрүштүк байланыштарды чыңдоого жана чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндө биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга багытталган Кыргызстандын жана Монголиянын тиешелүү түзүмдөрү менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги
Социальный фонд Кыргызской Республики заключает двусторонние и многосторонние соглашения с государствами для обеспечения пенсионных и социальных прав трудовых мигрантов. Однако в странах, где такие соглашения не заключены, мигранты, работающие неофициально, остаются без правовой и социальной защиты.Для этой категории граждан предусмотрена возможность дистанционной уплаты страховых взносов. Это позволяет им самостоятельно формировать пенсионные права и получать доступ к базовым социальным гарантиям на родине. Кыргызская Республика для упрощения этого процесса внедряют цифровые платформы и мобильные приложения, которые делают процедуру регистрации и регулярных выплат максимально доступной из любой точки мира.Согласно статистическим данным на январь 2026 года, около 670 тысяч граждан Кыргызской Республики пребывают за границей (включая 472 336 человек в РФ, по 60-70 тысяч в РК и США, а также десятки тысяч в Турции, ФРГ, Корее и РУз), при этом до недавнего момента они не имели возможности уплачивать добровольные страховые взносы по государственному социальному страхованию из-за отсутствия механизмов удалённой первичной регистрации в системе Государственной налоговой службы.В рамках реализации программы «Правительственные акселераторы» в 100-дневный срок запущены следующие механизмы:Удаленная регистрация: трудовые мигранты могут зарегистрироваться в приложении «ТҮНДҮК» с помощью биометрической идентификации по Face-ID, а также в Личном кабинете налогоплательщика ГНС.Удобная оплата: добровольные страховые взносы можно оплачивать онлайн картами Visa, MasterCard и «Элкарт» через интернет-эквайринг.Равные тарифы: размер взносов для мигрантов установлен на уровне тарифов для граждан внутри страны. Сумма определяется плательщиком самостоятельно, но не может быть менее 8-10 % от размера среднемесячной заработной платы.Уплаченные средства распределяются по фондам в следующем соотношении:В Пенсионный фонд - 8%, или в ПФ-8%, в ГНПФ - 2%.В Государственный накопительный пенсионный фонд (ГНПФ) - 2% В приложении представлена пошаговая инструкция по прохождению регистрации и оплате.Инструкция Регистрация в «Тундук»Одним из важных шагов стало внедрение регистрации в мобильном приложении «Тундук» без номера мобильного телефона Кыргызской Республики.Теперь граждане Кыргызстана, находящиеся за рубежом, могут зарегистрироваться в приложении и пользоваться государственными электронными услугами независимо от места проживания.Для регистрации откройте приложение «Тундук» и нажмите «Войти».Выберите пункт «Не зарегистрированы?» и создайте новую учетную запись.Введите ПИН, серию и номер паспорта, адрес электронной почты и отметьте пункт «Я нахожусь за рубежом / у меня нет номера КР».Подтвердите согласие с условиями использования сервиса.Затем пройдите удаленную идентификацию: сделайте фото себя, следуя подсказкам на экране. Система автоматически сверит фотографию с данными документа.После успешной проверки нажмите «Зарегистрироваться».Введите код подтверждения, который поступит на электронную почту.После этого учетная запись будет создана, и вы сможете пользоваться государственными электронными услугами через приложение «Тундук» из любой точки мира.Регистрация в Кабинете налогоплательщикаДля регистрации в Личном кабинете налогоплательщика откройте сайт cabinet.salyk.kg.При необходимости выберите язык интерфейса.Укажите тип пользователя «Физическое лицо».Введите свой ПИН и нажмите «Поиск».После проверки система автоматически заполнит ваши данные.Придумайте пароль, повторите его для подтверждения и нажмите «Зарегистрироваться».После создания учетной записи войдите в Личный кабинет через Единую систему идентификации.Оформление полиса и оплатаДля трудовых мигрантов доступны несколько вариантов добровольных страховых взносов - в размере 2, 8 или 10 процентов от среднемесячной заработной платы. Это позволяет каждому выбрать наиболее подходящий формат участия в системе государственного пенсионного страхования.В Личном кабинете налогоплательщика откройте модуль «Епатент» и выберите услугу «Полис».Проверьте автоматически заполненные данные, выберите тариф и срок действия полиса.Нажмите «Подтвердить и оплатить».Выберите оплату банковской картой и платежную систему , укажите реквизиты и подтвердите платеж.После успешной оплаты электронный страховой полис автоматически сохранится в Личном кабинете. Его можно просмотреть, скачать или распечатать в любое время.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында мечит курула турчу жерде комплекстүү инженердик изилдөө иштерин жүргүздү.Изилдөөнүн алкагында курулуш аянтчасынын инженердик-геологиялык шарттарын аныктоо жана топурактын мүнөздөмөлөрүн изилдөө максатында 22 метр тереңдикке чейин бургулоо иштери аткарылды. Ошондой эле топурактын физикалык-механикалык касиеттерин жана көтөрүмдүүлүгүн баалоо үчүн динамикалык зонддоо иштери жүргүзүлдү.Долбоорго ылайык, мечиттин жалпы аянты 1 500 чарчы метрди түзүп, бир убакта болжол менен 2 000 адамды кабыл алууга ылайыкталат.Жүргүзүлгөн инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы объектти долбоорлоо жана куруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга негиз түзөт.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
2026-жылдын 26-октябрынан 28-октябрына чейин видеоконференцбайланыш режиминде Кыргыз Республикасынын жана Камбоджа Королдугунун делегацияларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Камбоджа Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда кирешелерге салынуучу салыктарга карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана салык салуудан буйтап өтүүнүн алдын алуу жөнүндө Макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду өттү.Сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана достук маанайда, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо духунда өттү. Тараптар Макулдашуунун долбоорунун негизги жоболору боюнча өз позицияларын билдиришти, салык салуунун негизги маселелерин талкуулашты жана өз ара кызыкчылык туудурган бир катар принципиалдуу маселелер боюнча макулдашууга жетишишти.Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун жыйынтыгында тараптар салык чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты жана Макулдашуунун долбоорун биротоло макулдашуу жана аны 2027-жылдын биринчи кварталында кол коюуга даярдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдиришти.Макулдашууну түзүү Кыргыз Республикасы менен Камбоджа Королдугунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келишимдик-укуктук базасын чыңдоодо, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө маанилүү кадам болот.Макулдашуу келишим түзүүчү мамлекеттердин резиденттеринин кирешелерине кош салык салууну жоюуга, салык милдеттенмелеринин так аныкталышын жана алдын ала болжолдонушун камсыз кылууга, ошондой эле салык төлөөдөн качуунун жана салык салууну айланып өтүүнүн алдын алууга багытталган.Макулдашуунун түзүлүшү Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу салык климатын түзүүгө, чек ара аралык экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө салыктык тоскоолдуктарды азайтууга, ошондой эле өз ара инвестицияларды стимулдаштырууга жана ишкердик жигердүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.Мындан тышкары, Макулдашуу эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдарынын салык чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого, салык мамилелеринин ачыктыгын жогорулатууга жана салык төлөөчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн кошумча кепилдиктерди түзүүгө мүмкүндүк берет.Кыргыз Республикасы менен Камбоджа Королдугу Макулдашуунун долбоорун макулдашуу боюнча мындан аркы биргелешкен иш өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого өбөлгө түзүп, эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берерине ишеним билдиришти.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн уюштурулушун баалоого, калк менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга багытталган мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин эксперттик тобу тарабынан «Адилеттик агенттигинин командасы» коомдук уюмунун өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү. Эксперттердин көңүл борборунда жарандардын кайрылууларын өз убагында жана ар тараптуу кароо, мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы, кайтарым байланыш каналдарынын жеткиликтүүлүгү, ошондой эле министрликтин жетекчилиги тарабынан жарандарды жеке кабыл алууну уюштуруу маселелери болду.Мындан тышкары, кайталанган кайрылууларды аныктоо жана талдоо механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүшү мүмкүн болгон жагдайлардын, анын ичинде арыздарды кароо мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруунун жана жол-жоболордун жетиштүү деңгээлде ачык-айкын болбошунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.Мындай иш-чаралар ведомстволук иштерди өркүндөтүүгө, жарандардын кайрылуулары менен иштөөдөгү жоопкерчиликти жогорулатууга жана калктын ички иштер органдарына болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.Мониторинг Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025-2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияны жана аны ишке ашыруу боюнча 2025-2027-жылдарга карата иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.Эксперттик топтун курамына Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мониторинг боюнча эксперти Самаган Тойчубаев, «Адилеттик агенттигинин командасы» коомдук уюмунун жетекчиси Нурлан Карбеков жана аталган коомдук уюмдун эксперти Чыңгыз Болотбеков кирген.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Кыргызстан эпидемиологиялык көзөмөлдүн улуттук системасын жана жугуштуу оорулардын коркунучтарына даярдыгын мындан ары да чыңдоодо. Бул багытта адамдардын, жаныбарлардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы макулдашылган аракеттерди камтыган «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасы өнүктүрүлүүдө.Жугуштуу оорулар мамлекеттик чек араларды тааныбаган шартта кооптуу патогендерди өз убагында аныктоо, лабораториялардын натыйжалуу иштеши, адистерди даярдоо жана ар кандай ведомстволордун өз ара кызматташуусу оорулардын жайылышынын жана жаңы пандемиялардын алдын алууда өзгөчө мааниге ээ.2026-жылдын 27-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов пандемияларга глобалдык деңгээлде даярдыкты күчөтүү боюнча өлкөнүн позициясын тааныштырды. Ал өз сөзүндө «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасын ырааттуу киргизүү боюнча улуттук тажрыйбага токтолуп, эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү, лабораториялык инфраструктураны модернизациялоо, кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана биологиялык коркунучтарга даярдыкты жогорулатуу багытындагы артыкчылыктарды белгиледи.Бул багыттар саламаттык сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо менен гана чектелбестен, мамлекеттик органдардын, тиешелүү кызматтардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген туруктуу секторлор аралык кызматташтыкты да талап кылат.Аталган багыттардагы иштердин практикалык уландысы катары Бишкек шаарында «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасынын негизинде эпидемиялардын жана пандемиялардын алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол өткөрүлдү. АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган EpiC долбоорунун колдоосу менен уюштурулган иш-чарага мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аткарылып жаткан иштердин жыйынтыктарын жана эпидемиологиялык көзөмөлдү өнүктүрүү, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү чыңдоо, адистерди даярдоо жана ведомстволордун иш-аракеттерин координациялоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты. Мындай форматтагы кызматташтык жугуштуу оорулардын коркунучтарын, анын ичинде жаныбарлардан адамдарга жугушу мүмкүн болгон ооруларды аныктоо жана алдын алуу боюнча бирдиктүү ыкмаларды макулдашууга мүмкүндүк берет.Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоого EpiC долбоору да маанилүү салым кошууда. 2026-жылы долбоордун колдоосу менен төмөнкү натыйжаларга жетишилди:· 49 райондон келген 275 адис I-EPID электрондук эпидемиологиялык көзөмөл системасын киргизүү жана колдонуу боюнча окуудан өттү;· эпидемиологиялык мааниге ээ оорулар тууралуу билдирүүлөрдү автоматтык түрдө түзүүнү камсыз кылган санариптик кабарлоо системасы өркүндөтүлдү;· медициналык кызматкерлер үчүн кара тумоо, күйдүргү, бруцеллёз жана кутурма оорулары боюнча окуу программалары иштелип чыгып, ишке киргизилди. Эпидемиологдор, ветеринардык адистер жана санитардык-карантиндик кызматтын кызматкерлери окуудан өткөрүлдү;· медициналык калдыктарды коопсуз зыянсыздандыруу үчүн саламаттык сактоо мекемелерине жана лабораторияларга 11 автоклав жеткирилип, орнотулду;· жергиликтүү жамааттардын сунуштарын эске алуу менен кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алуу жана алардан коргонуу боюнча маалыматтык материалдар иштелип чыкты.Бул иш-чаралар адистердин даярдыгын жогорулатууга, эпидемиологиялык көзөмөл механизмдерин өркүндөтүүгө жана калктын ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон коркунучтарга ыкчам чара көрүүгө өбөлгө түзөт.Кыргызстан улуттук саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдоо максатында эл аралык өнөктөштөр жана тиешелүү ведомстволор менен кызматташууну улантууда. «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасын ырааттуу киргизүү колдо болгон ресурстарды жана эксперттик потенциалды бириктирип, жугуштуу оорулардын коркунучтарын ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдарга айланганга чейин өз убагында аныктоого, алардын алдын алууга жана жайылышын чектөөгө багытталган.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
2026-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Борбор Азиянын эл аралык билим берүү форумунун пленардык сессиясына катышты.Гульзат Исаматова делегациялардын жетекчилеринин президиумунун курамына кирип, «Борбор Азия — билим берүүнүн, илимдин жана инновациялардын жаңы мейкиндиги» деген темада баяндама жасады.Өз сөзүндө министр Кыргыз Республикасынын аймактык кызматташтыктын жаңы моделин калыптандыруу боюнча позициясын белгилеп, анда прагматизм принциптерине жана өлкөлөрдүн атаандаштык артыкчылыктарын бириктирүүгө өзгөчө маани берди. Ошондой эле глобалдык атаандаштык шартында Борбор Азиянын илимий-технологиялык потенциалын чыңдоо үчүн аймактагы өлкөлөрдүн жогорку билим берүү жана академиялык илим тармактарын практикалык интеграциялоого өтүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү жана билим алмашууга тоскоол болгон административдик тоскоолдуктарды жоюу, аймактагы жаш окумуштуулардын алдыңкы лабораториялык инфраструктурага жетүүсүн камсыз кылган бирдиктүү илимий-изилдөө чөйрөсүн түзүү, магистратура жана докторантура боюнча тармактык платформаларды жана интеграцияланган программаларды өнүктүрүү, ошондой эле университеттик илимди экономиканын реалдуу секторунун муктаждыктарына багыттоо жана инновациялык иштелмелерди коммерциялаштыруу сунушталды.Сөзүнүн соңунда Гульзат Исаматова Кыргызстан билим берүү, илим жана инновациялар тармагындагы биргелешкен аймактык демилгелерди ишке ашырууда ишенимдүү жана конструктивдүү өнөктөш болууга даяр экенин ырастады.
28.10.2026Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министирлиги
2026-жылдын 26-октябрына карата республика боюнча сугат суу берүү планы 80 пайызга аткарылды. Быйыл аба-ырайы жаанчыл болгондуктан топурак нымдуу болуп, сугат суусуна муктаждык азыраак болду.Суу булактарынан секундасына 117,74 м³ суу алынып, күздүк себүү алдындагы жана күзгү ным топтоо сугат иштери жүргүзүлүүдө.Республика боюнча сугат суу берүү планы 6 271,36 млн м³ болсо, иш жүзүндө 5 052,71 млн м³ суу берилди. Сугаруу планы 3 680,84 миң гектарды түзүп, учурда 2 905,06 миң гектар жер сугарылды. Анын ичинен 136,618 миң гектары күзгү ным топтоо сугатына, 62,190 миң гектары күздүк себүү алдындагы сугатка туура келет.Облустар боюнча сугат суу берүү планынын аткарылышы төмөнкүдөй:• Баткен облусу — 557,16 млн м³;• Жалал-Абад облусу — 842,264 млн м³;• Нарын облусу —515,5 млн м³;• Ош облусу — 798,61 млн м³;• Чүй облусу — 1 287,84 млн м³;• Талас облусу — 615,4 млн м³;• Ысык-Көл облусу — 435,94 млн м³;
27.10.2026Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев баштаган делегация 2026-жылдын 27–28-октябрында Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмдун (ЖКЭУ) Аткаруу кеңешинин 59-сессиясына катышууда.Сессиянын алкагында Бишкек шаарындагы ЖКЭУнун Регионалдык гуманитардык кеңсесинин ишмердүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Кыргыз тарап кеңсенин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, практикалык ишмердүүлүгүн активдештирүүнү, ошондой эле аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү, жарандык коргонуу жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруудагы жана инвестицияларды тартуудагы ролун күчөтүүнү жактайт.Мындан тышкары, сессиянын жүрүшүндө ЖКЭУнун 2026–2031-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу, эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү, окуу программаларын өнүктүрүү жана улуттук жарандык коргонуу кызматтарынын дараметин чыңдоо маселелери каралууда.Кыргыз Республикасынын ЖКЭУнун Аткаруу кеңешинин ишине катышуусу өлкөнүн эл аралык жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого, биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга болгон умтулуусун тастыктайт.КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ