Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министирлиги
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНЕ ЯПОНИЯЛЫК ОКУМУШТУУЛАР ИШ САПАР МЕНЕН КЕЛИШТИ

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү жолугушуу болуп өттү. Музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова Япониядан келген белгилүү археолог, Чүй өрөөнүндө он жылдан ашуун убакыттан бери изилдөө жүргүзүп келе жаткан Иваи Шюмпей, ошондой эле адис-кеңешчилер Сакакибара Йодзи жана Камода Масато менен жолукту.

Япониялык окумуштуулардын иш сапары орто кылымдарга таандык Ак-Бешим шаар чалдыбарынын аймагында музей куруу демилгеси менен байланыштуу болуп, анын алкагында алар Кыргызстандын музей тармагындагы тажрыйба, башкаруу системасы жана фонддорду сактоо боюнча ишмердүүлүк менен жакындан таанышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө конокторго төмөнкү негизги багыттар боюнча кеңири маалымат берилди:

- музей фондуларына тарыхый жана антиквариат экспонаттарын кабыл алуу тартиби;

- мамлекеттик электрондук каталог системасынын иштөө механизми;

- музей коллекцияларын сактоо, консервациялоо жана санариптик эсепке алуу;

- илимий-изилдөө жана экспозициялык иштерди уюштуруу тажрыйбасы;

- фонддук ишмердүүлүктүн эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү.

Жолугушуу иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар музей куруу жана археологиялык мурастарды сактоо багытында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи мындан ары да эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду колдоого жана дүйнөлүк музей коомчулугу менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
Журналист кармалып, камакка алынды

2026-жылдын 9-мартында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы «Даниэль Жоошбаев» аттуу аккаунт колдонуучусу аркылуу Кыргыз Республикасынын бийлигин каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталган.

Ошондой эле аталган аккаунттагы айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана баш аламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр орун алган.

Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктарга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан, «Даниэль Жоошбаев» аттуу жалган аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист 1976-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, кармалган.

Ушуга байланыштуу шектүү А.А. тарабынан «Facebook» социалдык тармагындагы аталган аккаунт аркылуу жарыяланган бир катар басылмалар жана билдирүүлөр мыйзам талаптарына ылайык текшерүүгө алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

2026-жылдын 10-мартында А. А.нын жашаган жерин тинтүү учурунда кылмыш иши үчүн мааниге ээ болушу мүмкүн болгон бир катар техникалык каражаттар жана буюмдар табылып, алынган. Алардын катарында уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар бар.

2026-жылдын 11-мартында шектүү А. А. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ БИЛДИРЕТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга жогорулашын маалымдайт.

Өлкө башчысынын бул чечими мугалимдердин статусун жогорулатууга жана өлкөнүн өнүгүшүндө педагогдордун негизги ролун таанууга багытталган маанилүү мамлекеттик чара болуп саналат.

Белгилей кетсек, эмгек акынын жогорулашы окуткан предметине карабастан бардык мугалимдерге бирдей тиешелүү болот.

Учурда STEM предметтеринин мугалимдеринин айлык акылары гана жогорулап, калган тарых, кыргыз тили жана география мугалимдериники жогорулатылбайт жана бул предметтердин сааттары кыскарууда деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Агартуу министрлиги мектептеги ар бир мугалим келечек муунду тарбиялоо аркылуу мамлекеттик стратегиялык миссияны аткарат деген негизги принципти карманат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев ант берди

2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңеште Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев ант берди.

Ант берүү аземине Президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана парламент депутаттары катышты.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16- февралында Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Солтобаев Талантбек Осмонбекович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги
Офицерлер үчүн өткөрүлүп жаткан жыйындар аяктады

2026-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда батальон командирлеринин жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна талапкер офицерлер үчүн өткөрүлгөн жыйындар аяктады.

Жыйын 4-февралдан баштап өтүп, офицерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган. Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар күжүрмөн тапшырманы кабыл алууда иш жүргүзүү көндүмдөрүн өркүндөтүшүп, бөлүктөрдү башкарууну уюштуруунун тартибин үйрөнүшүп, ошондой эле күжүрмөн документтер менен практикалык иш жүргүзүүнү машыгышты.

Окуунун жыйынтыгында катышуучулар өтүлгөн сабактар боюнча комплекстүү экзамен тапшырышты. Жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн офицерлерге жыйындарды аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.

Мындай жыйындар жыл сайын өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө командалык кызматтарга дайындоо үчүн эң даярдалган офицерлерди тандоого багытталган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
Бишкекте Кыргыз Республикасынын фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү боюнча ЮНИДОнун эксперттик миссиясы өтүүдө

2026-жылдын 10–12-март күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) тарабынан эл аралык эксперттердин миссиясы өткөрүлүүдө. Миссия өлкөнүн фармацевтика тармагын модернизациялоого жана дары каражаттарын өндүрүүдөгү тийиштүү өндүрүш практикасынын (GMP) эл аралык стандарттарын киргизүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Бул сапар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен ЮНИДОнун ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында, тактап айтканда, 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасы үчүн өлкөлүк өнөктөштүк программасынын (ПСП) негизинде уюштурулууда. Аталган программада фармацевтика өнөр жайы артыкчылыктуу багыттардын бири катары белгиленген.

2026-жылдын 10-мартында Бишкек шаарында ЮНИДОнун эксперттери Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана ата мекендик фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жүрүшүндө фармацевтика тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары, GMP стандарттары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин талаптары, ошондой эле фармацевтикалык өндүрүштү модернизациялоону колдоо механизмдери талкууланды.

Ошол эле күнү мамлекеттик органдардын, фармацевтикалык продукция өндүрүүчүлөрдүн жана эл аралык эксперттердин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын фармацевтика өнөр жайынын тийиштүү өндүрүш практикасынын (GMP) талаптарына шайкештигин бекемдөө: баалоонун жыйынтыктары, эл аралык стандарттар жана мындан аркы кадамдар» аттуу жумушчу семинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ЮНИДОнун эксперттери ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын GMP талаптарына шайкештик деңгээли боюнча жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыктарын, ошондой эле эл аралык стандарттар жана жөнгө салуу практикалары боюнча жалпы маалыматтарды сунушташты. Өзгөчө көңүл GMP стандарттарын киргизүүнүн дары каражаттарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууда, ошондой эле кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдөгү маанисине бурулду. Бул, өзгөчө, Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуу үчүн маанилүү экени белгиленди.

Мындан тышкары, катышуучуларга ЮНИДО тарабынан фармацевтикалык өндүрүүчүлөр арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары сунушталды. Бул сурамжылоо тармактын GMP стандарттарын киргизүүгө даярдык деңгээлин аныктоого жана өндүрүш процесстерин мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн негизги багыттарды белгилөөгө мүмкүндүк берди.

Миссиянын алкагында ЮНИДОнун эксперттери өлкөдөгү фармацевтикалык ишканаларга техникалык сапарларды жүргүзүп, GMP стандарттарынын учурдагы колдонулуш деңгээлин баалашат жана техникалык жана эксперттик колдоого болгон муктаждыктарды аныкташат.

Миссиянын жыйынтыктоочу жолугушуусу 2026-жылдын 12-мартында өтөт. Анын жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана Кыргызстандын фармацевтика тармагынын өндүрүштүк потенциалын чыңдоого багытталган техникалык колдоо демилгесин даярдоо боюнча кийинки кадамдар аныкталат.

Бул демилгени ишке ашыруу дары каражаттарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга, улуттук фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна (РСМЭБ) барды

Бишкек, 2026-жылдын 10-марты — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна (РСМЭБ) барды.

Иш сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы эксперттердин иш шарттары, лабораториялардын жана мекеменин инфраструктурасынын абалы менен кеңири таанышты. Адылбек Касымалиев борбордун имаратынын абалына өзгөчө көңүл бурду.

Корпусту карап чыгып, Министрлер кабинетинин башчысы имараттын моралдык жана техникалык жактан эскиргенин белгиледи: ал ондогон жылдар бою капиталдык оңдоодон өткөн эмес жана канааттандырарлык эмес абалда.

Иш сапардын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы кыска мөөнөттө жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгууну жана заманбап ярустук муздаткыч түзүлмөлөрдөн баштап ДНК-тесттөө үчүн лабораториялык комплекстерге чейин жабдуулардын тизмесин түзүүнү тапшырды. Долбоорго каржылык эсептөөлөр жана биринчи кезектеги жана келечектүү этаптарга бөлүнгөн иш графиги тиркелиши керек.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Кыргызстан укрепляет прозрачность климатической политики: стартует подготовка ДДТ2 и НС5

Министерство природных ресурсов, экологии и технического надзора КР совместно с Программой развития ООН объявило старт подготовки Объединённого второго Двухгодичного доклада о транспарентности и Пятого национального сообщения (ДДТ2/НС5). Мероприятие проходит в рамках обязательств страны по Рамочной конвенции ООН об изменении климата и Парижскому соглашению, направленных на прозрачность климатической политики и усиление устойчивого развития.

В семинаре приняли участие представители государственных органов, международных организаций, научного сообщества и эксперты по климату.

Заместитель министра природных ресурсов, экологии и технического надзора КР А. Раимкулова отметила, что Кыргызстан последовательно выполняет международные обязательства и активно развивает национальную систему климатической отчётности. «Подготовка ДДТ2 и Пятого национального сообщения открывает новый этап работы: мы не только обеспечиваем качественную и своевременную отчётность, но и усиливаем аналитическую основу для принятия климатических решений, интеграции социально-экономических и гендерных аспектов, а также мобилизации международного финансирования», — подчеркнула она.

В 2025 году страна успешно подготовила "Первый Двухгодичный доклад о транспарентности", что стало важным шагом в укреплении институционального потенциала и межведомственного взаимодействия в сфере климатической политики.

Семинар позволил обсудить ключевые задачи подготовки отчётности, определить роли участников процесса и сформировать дорожную карту дальнейшей работы, которая обеспечит стратегическое применение климатических данных для устойчивого развития страны.

Проект реализуется при поддержке ПРООН, финансировании Глобального экологического фонда и координации Программы ООН по окружающей среде (ЮНЕП).

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги
Бүгүн 2026-жылдын 5-мартында, Манас шаарындагы «Юстиция үйүнүн» салтанаттуу ачылышы аземи болуп өттү

Ачылыш аземине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Текебаев Тилек Кыдырмаевич, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, ошондой эле, облустун Юстиция башкармалыгынын, Пробация депортаментинин, Юридикалык жардам кызматынын кызматкерлери, мамлекеттик жана жеке нотариустар катышышты.

«Юстиция үйү», имараты шаардын мурдакы мамлекеттик нотариалдык кенсесинин имаратынын оордуна курулуп, Манас шаарынын Пушкин көчөсүнүн №51 дарегинде жайгашат. Имарат, үч кабаттуу, замандын талабына ылайык келген курулуштагы имарат болуп курулду.

Имаратта, кызматкерлер жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган.

«Юстиция үйүнүн» жаңы имаратында, Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы, Пробация департаменти, Юридикалык жардам берүү кызматы, мамлекеттик нотариустар жайгашышат.

Жалпысынан “Юстиция үйүнүн” курулушу мамлекеттик юридикалык кызмат көрсөтүүлөрдү борборлоштурууга, жарандар үчүн жеткиликтүү, ачык жана сапаттуу тейлөөнү камсыздоого багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат.